Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу ачылышы. Свердлов району

10.02.2020 0 20

2020-жылдын 10-февралында №52 жалпы орто билим берүү мектебинин базасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун билим берүү уюмдарынын илим, техника жана өндүрүш Жумалыгынын салтанаттуу ачылышы болду.

Бул ачылышка Бишкек шаардык ЖЭБнын өкүлдөрү, “Алтын түйүн”  БРИТАнын жана райондук балдар чыгармачылык Борборунун педагогдору катышып, билим берүү уюмдарынын балдарына ары татаал, ары жооптуу, бирок кызыктуу кесиптердин бири болгон инженерлердин, изилдөөчүлөрдүн эмгеги жөнүндө, мезгил талабына ылайык илим менен техниканын жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти. № 52 орто мектептин окуучулары жана Балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары менен даярдалган техникалык чыгармачылык көргөзмөсү Жумалыктын ачылышына келген конокторду өзгөчө кызыктырып, көӊүлүн бурду. БЧБ жаш ийриминин  катышуучулары өздөрүнүн чыгармачылактары менен коноктордун көӊүлүн көтөрүп, таӊ калтырды: авиамоделисттер конокторго өздөрүнүн учактарынын техникалык түзүлүштөрү жана алардын жаралуу тарыхы жөнүндө айтып беришти; “Чебер даркан” студиясынан келген балдар өздөрү жасаган сувенирдик комуздарын, ал эми “Мурастар” студиясы өздөрүнүн баштапкы техникалык моделдештирүү иштерин көрсөтүштү.

Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын негизги максаты – мектеп окуучуларын  илимдин жетишкендиктери менен тааныштыруу, балдардын инженерлик-техникалык кесипке болгон кызыгуусун арттыруу, илимий изилдөө жана ойлоп табуучулук иш аракеттерин өнүктүрүү.

Илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрүү – 2020-жыл региондорду жана цифровизацияны өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын балдарына кам көрүүгө багытталган. Бул жумалыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар окуучулардын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө, тынымсыз билим алууга жана алардын жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө, ошондой эле өз өлкөсүн сүйгөн, өз мекенинин тарыхын, кыргыз элинин салттарын сыйлаган, Мекенибиздин гүлдөп өсүшү үчүн кызмат кылууга даяр турган инсандарды тарбиялоого багытталган.

Бул жумалыкта Свердлов районунун окуучулары орто жана жогорку окуу жайларына, өндүрүш ишканаларына экскурсияга чыгышат, окумуштуулар менен, инженерлер менен, технологдор менен, илимий изилдөөчүлөр менен жолугушат. Ал эми мектептеги сабактарда, сабактан тышкаркы иш-чараларда окуучулар өздөрүнүн билимдерин, ошондой эле изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышат.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий